«Ак-Кула» мүлк комплекси буга чейин электрондук аукционго коюлган. Мүлк комплекси өзүнчө лотторго бөлүнгөн.

Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.

Бишкек шаардык кеңешинин ушул жылдын 4-мартындагы токтому менен бекитилген 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү жөнүндө программасы боюнча аукциондун жыйынтыгында жер участогу менчикке өткөрүлүп берилет. 

Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.