7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ТМУнун башкы катчысын кабыл алды

487

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, Уюмдун алкагында кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.

Ошону менен бирге Өмүралиев Азербайжанда өтүүчү ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна карата даярдык иштери тууралуу маалымат берди.

488