7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу эки көчөгө чектөө киргизилди

604

 

Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу дагы эки көчөдө унаа каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-мартта эки көчөдөгү жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө даярдык иштери башталды.

 

Алар:

  • Васильев көчөсү (Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейин)
  • Армия көчөсү (Восток-5 кичи районундагы Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейин)

«Мындан тышкары борбор калаанын вице-мэринин турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча протоколдук буйругуна ылайык, «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызматкерлери «Мадина» соода-көңүл ачуу борборунан Шабдан Баатыр кең көчөсүнө чейинки 7-апрель көчөсүнүн жээгин оңдоп жатышат«, — деп мэриядан билдиришти.

Ошондой эле быйыл «Бишкекасфальтсервис» ишканасы 16,5 чакырымга созулган көчөлөрдүн 27 тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрөөрү да айтылды.

Белгилей кетсек, муниципалитет буга чейин беш көчөнүн оңдоо иштерин баштап, жолдорун жапкан. Алар:

  • Исакеев (Ауэзов көчөсүнөн Валиханов көчөсүнө чейин)
  • Шевченко (Жибек Жолу кең көчөсүнөн Мичурин көчөсүнө чейин)
  • Левоневский (Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейин)
  • Гражданская (Төрөкул Айтматовдон Курманжан Датка көчөсүнө чейин)
  • Каховский (Тимур Фрунзе көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейин)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605