Ысык-Атада каракчылыкка шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрь айында Октябрь райондук ИИБгө 1989-жылы туулган Ц.А. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 6-октябрь күнү болжол менен саат 08:00 чамаларында анын Ново-Покровка айылындагы үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, аны коркутушуп, денесине залал келтиришип, акча каражатын жана үйүнүн ачкычтарын алышып, ошол боюнча белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.
Чогултулган материалдар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн окуя катталган жери боюнча Ысык-Ата РИИБнө жөнөтүлгөн. Жогорудагы факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында өткөн жылдын декабрь айынын орто ченинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1986-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, тиешелүү сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаган соң материал сот органдарына өткөрүлүп берилип, жогорудагы кылмышка тиешеси бар деген шектүүлөрүн үстүнөн ыкчам тергөө иш амалдарын жүргүзүү үчүн өзүнчө иш өлүнүп, өндүрүшкө алынган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында 2021-жылдын 18-март күнү жогорудагы кылмышка катыштыгы бар деген шек менен, 1991-жылы туулган Ч.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.