Жогорку Кеңештин депутаты Аманкулов Марат Аскерович мыйзамсыз байыгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлү — Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскерович тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.
«Такталгандай, Аманкулов Марат Аскерович саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары көмүскө активдерин жашыруу үчүн аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан.
Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттедж, 3 хан сарай, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык.
Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында Аманкулов Марат Аскерович аларды сатып алуудан мурун, тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген. Аталган Аманкулов Марат Аскерович 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү божомолдонууда», — деп жазылат маалыматта.