Илон Масктын Starlink компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Интернет-коомунун башчысы Талант Султанов Limon.kg булагына билдирген.
Анын айтымында, Starlink компаниясы Кыргызстандын алыскы аймактарына спутниктик интернетти туташтыруунун алкагында кызматташууга ниеттенүүдө. Эксперимент катары, алгач бир-эки айылга туташтырып анан интернеттин кандай иштээрине карата жүргүзүлөт.
«Азыркы учурда Starlink компаниясы спутниктерди учуруу боюнча активдүүлүгүн көрсөтүүдө. АКШда спутниктик интернетке жазылууну сатып алса болот, колдонуучу жабдуулардын пакетин алып орноткон соң дүйнөлүк желеге туташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Америкада шаймандарды сатып алуу жетиштүү. Бизде техникалык жана технологиялык маселелерден тышкары, көптөгөн укуктук маселелер жаралат. Дал ушул маселелерден улам Кыргызстанда спутниктик интернетти колдонуу үчүн көп убакыт талап кылынат. Азырынча, Кыргызстан үчүн Интернетти жеткирүүнүн бул ыкмасы тажрыйбалык гана мүнөздө, бирок келечекте ал жакшы альтернатива болуп калышы мүмкүн», — дейт ал.
Өткөн жылы кыргыз Интернет-коому Европа Бирлигинин колдоосу менен өлкөнүн эң алыскы айылы Зардалыга Ilimbox аппараты аркылуу санариптик китепкананы жеткирип бергендигин кошумчалайбыз. Алар бул долбоорду ишке ашыруу үчүн шаймандары менен бир нече чакырым жолду жөө басышкан. Зардалы Баткен облусунда жайгашкан жана ал айыл облус борборунан 10 чакырым алыстыкта. Айылда электр жарыгы, сыналгы жана интернет жок.