7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Тазалоо иштерине 230 куткаруучу тартылды

525
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  бүгүн 230 куткаруучу тартылып, Кара-Суу районунун Датка, Манас, Мады, Беш-Булак айыл өкмөттөрүндө 5 бөлүккө бөлүнүп, сел каптаган турак жайларды тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды.
Куткаруучулар кол каражаттары жана 21 даана мотопомпанын жардамында сел сууларды тазалап, сел калдыктары коопсуз жайга чыгарышууда.
Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярдуу элдик кошуун тартылып, жергиликтүү тургундарга өз жардамдарын көрсөтүү жагын колго алып, ар бир сел каптаган үй-бүлөлөргө тийешелүү жардамдар берилүүдө.
ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов Кара-Суу районундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн министрликтин тийешелүү оор инженердик техникаларын жана куткаруучуларды таратуу менен калыбына келтирүү жумуштарын жеринде көзөмөлгө алууда.
526