7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Икрамов: Өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым

521

Тазабек Икрамов депутаттык мандатын тапшырган кийин элге кайрылып ыраазычылыгын билдирди.

“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу шайлоочуларым! Кудайдын буйругу экен,  Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат катары элиме, шайлоочуларыма ак дилимден, чынчылдык менен,  таза кызмат кылганга болгон аракетимди жумшадым. Ар дайым эл тарапта болдум. Эң биринчи, эки жолу ишеним көргөзүп, шайлап берген N13- Сузак шайлоо округундагы эл журтума миң мертебе ыраазычылык билдирип, таазим кылам.

Ошентсе да, жеке чечимим, өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым.

Буюрса, эл үчүн кыла турган кызматым али алдыда. Буга чейин эл үчүн кандай күйсөм, ошол принцибим күчөйт, азайбайт! Жалпы мекендештериме, шайлоочуларыма дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүү менен, жалпыңыздарга аманчылык, бакубатчылык каалайм!  Сиздерди терең урматтоо менен Тазабек Икрамов”,-деп берилет кайрылууда.

522