7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте көчөлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн ымыркайдын энеси изделүүдө

829

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул факты боюнча учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон ымыркай жаткандыгы тууралуу милиция кызматкерлерине билдирүү келип түшкөн.

«Айтылган жерге барган милиция кызматкерлери ак чүпөрөккө оролгон ымыркай кызды аныкташкан. Наристе «Тез жардам» кызматы менен балдар үйүнө жеткирилди. Дарыгерлер кыздын абалы канааттандырарлык экенин айтышты.

Учурда бул окуя боюнча 150-берене («коркунучта калтыруу») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ымыркайдын апасы изиделүүдө», — дешти мекемеден.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

830