Өлкө башчы Аламүдүн районунун тургундары менен жолукту. Жолугушууда жашоочулар турак жай, жол, мектеп, медициналык мекемелерди куруу жана оңдоо, спорттук объектилер, жер-мүлк талаштары жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу маселелерди көтөрүштү.
Мамлекет башчысы тиешелүү органдарга кайрылууларды тыкыр карап чыгып, мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал маселелерди кароодо мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк сакталууга тийиш экенин белгиледи.



