7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер жана суу транспорт департаментинин башкы инспектору кармалды

433

Атайын кызмат тарабынан ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен “Жаңы-Арык” транспорттук көзөмөл постунун башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Тактап айтканда, июль айында салмак-габариттик көзөмөлдүн башкы инспектору О.Н.Ш. айдоочуларга айып төлөөдөн качууга көмөк көрсөтүү жана УКМК тарабынан мындан ары кылмыш ишин козгоодон баш тарттыруу үчүн УКМКнын кызматкерине 200 миң сом пара сунуштаган.

Бул факт боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду.

20-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 200 миң сом өлчөмүндө ири суммадагы параны которуп жаткан жеринен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорт департаментинин транспорттук көзөмөл кызматынын башкы инспектору О.Н.Ш. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

434