7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Көгөрүп кеткен нанды жеп жүрөт». Кароосуз калган жаш баланын видеосу тарады

342

Социалдык тармактарда кароосуз калган жаш баланын видеосу тарады.

Маалыматка ылайык, бала Талас облусуна караштуу Чыңгыз Айтматов районундагы Шекер айылында. Ал 2-класстагы окуучу.

«Атасы кордоп, мал жайгызып, тоого алып келип таштап койгон. Катып калган, көгөрүп кеткен нан жеп жүрөт. Дыйкандар келип, азык-түлүк таштап кетишет. Үстүндө кийими дагы жок, түнү коркуп чатырдын үстүнө чыгып жатат. Ата-энеси тарабынан толук кандуу камсыздандырылбай, кордолуп жатат»,-деген видеонун автору.

Эске салсак, жашы жете элек балдарды мажбурлап жумушка тартуу (КРнын балдар жөнүндө кодексинин 15-беренесинде көргөзүлгөндөй) тыюу салынат.

ИИМге байланышканыбызда, бул окуя Талас облустук милициясы тарабынан такталып жаткандыгын билдирди.

Кошумча маалымат берилет.

 

 

 

 

343