7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кудрет Тайчабаров: Туризм же өз алдынча спорт министрлиги иштесе, жакшы болоор эле

514

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Кудрет Тайчабаров: Акыркы мезгилде туризм тармагында жакшы жылыштар болуп жатат, Көлдө «Үч чоку» деген долбоор башталган, аны ишке ашыруу үчүн «Кыргыз Куршевель» деген мамлекеттик ишкана түзүлдү, бул ишкананы биздин фонддун «баласы» деп атаса болот. Бишкектин жанында Baytik Mountain Resort деген дагы эс алуучу жай курууга киришип жатабыз, анткени азыр Ала-Арча же Чункурчакка эл батпай кетип баратат.

Мындай ири долбоорлорду ишке ашырып, күнү-түнү жана жылы бою иштей турган эс алуу жайларын куруу үчүн, каражаттан тышкары, өзүнчө түзүм иштесе болмок. Башка мамлекеттер менен кызматташканда, алардын көпчүлүгүндө туризм министрлиги жана өзүнчө спорт министрлиги бар экенин көрүп жүрөбүз. Азыр мына, Парижде Олимпиада өтүп жатат, Кыргызстанды дүйнөгө спортчулар таанытып жатат, бирок биздин спорт министрлигибиз жок.

Спортту маданият министрлигине киргизип койгон, ал министрликти болсо өнөр адамдары же киночулар жетектейт, алар спортко адистешкен эмес. Туризм боюнча дагы ошондой – туризм департаментинде 11 адам иштейт, биздин фонддо – 41 киши, «Кыргыз Куршевелде» – он чакты адам, мунун баары өзүнчө эле бир министрликтин деңгээли болуп калууда, бирок министрлик жок. Министрлик болгондо, башка мамлекеттер менен мамиле түзүү дагы оңоюраак болмок, биз менен алар эсептешмек…

515