7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз алтын казуу менен алектенген төрт жаран кармалды

401

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагында “Ничкесу” кенинен алтын рудасын мыйзамсыз алып чыгууга тиешеси бар адамдар аныкталды.

Тактап айтканда жеке жарандар Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына каршы апрелден тартып июль айынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын өзгөчө менчиги болуп саналган жер казынасына кол салып, уруксат берүүчү лицензиясы жок туруп, андан ары кол өнөрчүлүк ыкмасы менен иштетүү максатында алтын кендерин өзгөчө ири өлчөмдө жашыруун тартып алышкандыгы такталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан тереңдиги 2 метрден 5 метрге чейин, туурасы 3 метр, узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганы аныкталган.

29-июлда Баткен райондук сотунун чечими менен мыйзамсыз алтын казуу менен алектенген КРнын төрт жараны кармалып, 2 айга тергөө абагына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

 

 

 

402