7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Нооруз күнү бизге дем берип, элибиздин ырыскысы артсын!

977

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:
“Кадырлуу мекендештерим!
Жалпыңарды Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Нооруз — адамзат тарыхындагы эң байыркы, миңдеген жылдар бою салтанат менен белгиленип келаткан майрамдардын бири. Анын маңызы — табияттагы бул күндөгү жаңыланууну, коомдун жана адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо.
Күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, жаз амалы башталарын эзелки кыргыздар да эсептеп билип, бул күндүн касиетин даңазалаган улуттук салт-жөрөлгөлөрү кадим замандан калыптанган. «Улустун улуу күнү» деген сөз ошол замандардан калган.
Учурда Кыргызстандын эли жаңы башталыштарды мурда болуп көрбөгөндөй илгери үмүт менен күтүп, алдыга умтулуп турган чагы.
Быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз. Анткени элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун — буга чейинки жетишкендиктерибизди бекемдеп, реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн дагы бир маанилүү кадамды жасоонун, жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн алдында турат.
Анын мааниси коомубузду жаңы бийиктерге, бакубат жашоого сүрөөгө, улуттун ынтымагын ширөөгө багытталган.
Ар бир үй-бүлө бүгүн дасторконду тегеректеп отуруп, коомубуз тазарсын, үйүбүзгө ырыс толсун деген бата менен эртеңки күнгө, келечекке үмүт-тилек артат.
Анткени ынтымакка бөлөнүп, биримдикке таянганда гана жаркын келечекти кура алабыз.
Эмесе, Нооруз күнү бизге дем берип, элибиздин ырыскысы артсын! Мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

978