15-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунда чагылган тийип 60 кой өлдү
Маалыматка ылайык, окуя Коңур-Өлөң айылынын жогору жагындагы Кичи-Аңги жайлоосунда болгон.
Жайлоого унаа бара албагандыктан, өлгөн койлор айылга ат менен түшүрүлүп, андан кийин атайын жайга көмүлөт.
