7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Испания падышасына поезд кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

182

Президент Садыр Жапаров Испания королдугунун Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын Королу Филипп VIга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Испания Королдугунун Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Испания элине бул каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтам.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм,» — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

183