7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев унаа сүзүп кеткен кайгуул инспекторун дарылоо боюнча кеңешмеге катышты

496

Бүгүн, 20-августта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-августта Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн 1994-жылы туулган бейтап А.Э.ны дарылоо боюнча кеңешмеге катышты. Бейтап милициянын кайгуул башкармалыгынын кызматкери, кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен.

Бейтаптын диагнозу: баш мээнин оор жаракатын, сол жактагы жоон сан сөөктүн майдаланып сынып кетишин жана башка татаал жаракаттарды камтыйт. Бүгүнкү күндө бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Комада, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Министр Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, ошондой эле жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, медициналык жардам толук көрсөтүлөөрүн билдирди.

Эртең бейтаптын абалынын жакшырышы менен мээнин MРТ диагностикасын жасоо жана андан аркы дарылоону коррекциялоо пландаштырылууда.

 

497