7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Макаровдун 9 мм тапанчасын мыйзамсыз сатып алып, сактап жүргөн жаран кармалды

589

Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сатып алууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, сактоого, ташууга же алып жүрүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө КР УКМК тарабынан К.Т.С. аттуу жаран аныкталды.

Тактап айтканда, К.Т.С. мурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышта болуп, өз коопсуздугун камсыз кылуу шылтоосу менен, ок атуучу куралды сатып алуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин билип туруп, белгисиз адамдан ок-дарысы (патрону) бар «9 мм Макаров тапанчасын» сатып алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Т.С.нын жашаган жерин тинтүүнүн натыйжасында «Макаровдун 9 мм тапанчасы» жана 7 даана ок (патрон) табылып алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.Т.С. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси менен кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, алынган аскердик тапанчага баллистикалык экспертиза дайындалды.

 

590