7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эгемендүүлүк күнүндө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

433

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратына 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдык мааркесине карата өткөрүлүүчү иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө боюнча саптык кароо өткөрүлдү.

Анда ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков өздүк курамдын саптык даярдыгын, кызматкерлердин сырткы үлгүлүү көрүнүшүн текшерип,  майрам күндөрү жарандарыбыздын укук-милдеттерин сактоодо, жол коопсуздугун камсыздоодо жана ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн даярдыкта болуусу тууралуу ИИМдин тийиштүү буйрук, нускамаларын жеткирип, иш-чаралар учурунда ЖКККББнын борбордук аппаратынан тартып, жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат алып бараарын белгиледи.

 

434