7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында бүгүн 1002 автобус каттамга чыкты.

502

Бишкек шаарында бүгүн 1002 автобус каттамга чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындан тышкары, 41 троллейбус жана мурдагы троллейбус каттамдарын тейлеген 46 автобус иштеп жатат.

Ошондой эле “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын 174 бирдик кичи маршруттук автобустары, “Эко жүргүнчүлөрдү жеткизүү» ЖЧКсынын 124 бирдик автобусу каттамга чыкты.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата ар бир автобус каттамына ортодогу аралыкты азайтуу жана жүргүнчү агымы көбөйгөнүн эске алуу менен 2-3 автобустан кошулду.

Андан тышкары, борбордогу мектептердин айланасында унаа тыгынын болтурбоо, коомдук коопсуздукту күзөтүү үчүн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 114 мектепке бекитилди. Мамлекеттик күзөт кызматынын линиясы боюнча 120 кызматкер жана 102 линиясы боюнча 160 кызматкер коюлду. Соода жана базар комплекстеринин жанына 40 кызматер бөлүндү. Жалпы 1 миңден ашык кызматкер тартылды.

503