7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азаматсың! Асан Жанышов Дүйнө чемпионатында алтын утту

557

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар (U-20) курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Понтеведра шаарында (Испания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болду.

Балбан 87 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште грузиялык балбан Ачико Болквадзени 11:3 эсебинде утту. Чейрек финалдык беттеште швециянын балбаны Хамза Сертканлини 7:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште румыниялык Патрик И. Горданды 8:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште азербайжандын балбаны Джоджу Самедовду 8:0 эсебинде утуп, өз салмагында Дүйнө чемпиону болду.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

558