7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочуларга кайрылуу: «Бир секундда тагдырыңызды бузуп албаңыз!»

486

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин жетекчиси айдоочуларга кайрылуу жасады.

«Урматтуу шаар тургундары! Урматтуу айдоочулар! Сиздерди жол эрежесин бузбоого, коомдук тартипти сактоого жана ар бир жаран сабырдуу болууга ошону менен бирге башка жарандарга карата сылык мамиледе болууга чакырабыз.

Темир табылат, кымындай уруштун кесепетинен адамдын өмүрүнө коркунуч келтирген учурлар катталып, чоң көйгөйлөр жаралып жатканына күбө болуп жатабыз. Өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн, уул-кыздарыбыздын келечегин ойлоп, сабырдуу болууга чакырабыз. Кырсык каш кабактын ортосунда, бир канча секунд аралыгында тагдырыңызды бузуп албаңыз.

Жалпы шаар тургундарына кайрылаарым, жогоруда айтылгандай бейбаштык жана майда бейбаштык фактыларына күбө болгон болсоңуз, кайдыгер карабастан, дароо “102” кызматына кабар берүүнү өтүнөбүз»,- деп билдирди Биринчи май РИИБдин башчысы Тилек Тюкебаев.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

487