7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Өзбекстанга каршы беттешти күйөрмандар чоң үмүт менен күтүп турат!

542

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстан футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалады.

Жолугушуу 10-сентябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинин астында өттү.

«Акыркы Иран менен өткөн беттеш биздин өлкөнүн курамасы Азиянын эң мыкты командалары менен тең тайлаш ойной ала тургандыгын далилдеди. Келе жаткан оюндарда, өзгөчө 10-сентябрда Өзбекстанга каршы боло турган беттешти биз жана кураманын күйөрмандары чоң үмүт менен күтүп турат!» — деп белгиледи Ташиев.

Беттештер 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтүүдө.

543