7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдолгондон кийинки көрүнүшү

664

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдирди.

Реконструкция иштеринин жүрүшүндө стадиондун аймагындагы административдик имараттар заманбап үлгүдөгү жабдуулар менен толук жаңыртылды.

Футболдук аянтча Эл аралык футбол федерациясынын стандарттарынын нормаларына ылайык жасалып, гибриддик талаага айланды. Чуркоо жолу кеңейтилип, асфальт төшөлдү. Түз эфирлерди уюштуруу жана ММК үчүн медиа талаа пайда болду. Мындан сырткары, көрүүчүлөргө эмоция тартуулоо максатында кадрларды кайталап көргөзүү үчүн LED экран жана техникалык аппараттар орнотулду. Ошондой эле жарыктандыруу системасы толугу менен жаңыртылып, 2000 люминесценттүү прожектор коюлду.

Мындан кийин Кыргызстанда эл аралык футбол оюнун өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Спорттук арена 1941-жылы курулушу аяктаган. Ошол мезгилден тарта бүгүнкү чейин бир нече жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнү менен, абалы начарлап, эл аралык стандарттардын талабына жооп берчү эмес.

665