7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ДКО-2024: Жер улак боюнча курама команда 2-орунду ээледи

382

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курамасы күмүш медалга ээ болду. Алар финалдык беттеште Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде утулду.

Беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыгып, 10 мүнөттүк кошумча убакытта казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, жеңишке жетти.

Беттеш учурунда чыр чыгып, оюн 15 мүнөттөй токтотулду. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберди. Ушундан улам чыр чыгып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулду.

Кыргызстандын көкпар командасы 10-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңди. Казакстан курамасы 11-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Орусия курамасын 18:2 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Эми Кыргызстан менен Казакстан курамалары көк бөрүдөн финалда беттешет. Беттеш 12-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да башталат. Коло байге үчүн Орусия менен Түркия командалары күч сынашат.

Көк бөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өткөн. Көк бөрүдөн өткөн мелдештерге алты команда, көкпардан өткөн мелдештерге тогуз команда катышууда. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган. Кийинчерээк Кыргызстан тараптын Казакстан менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана көк бөрү кайра кошулган.

Кыргызстандын көк бөрү федерациясы орусиялык, түркиялык, өзбекстандык курамаларды аргымактар менен камсыз кылууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

383