7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапар менен барат

698

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда «Борбор Азия – Германия» мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат. Ошондой эле Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу, ошондой эле Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

 

 

 

 

699