7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Нью-Йоркко иш сапары менен барат

650

Президент Садыр Жапаров 21-24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн иш сапары менен Нью-Йорк шаарына (АКШ) барат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«22-сентябрда Мамлекет башчысы Келечек Саммитинин ишине катышат, анын алкагында «Келечек пактынын» жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.

24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен,  жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт» — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

651