7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барды

387

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) келди.

Мамлекет башчысынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду.

Эскерте кетсек, 22-сентябрда Президент Келечек Саммитинин ишине катышат, анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.

24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу болот.

 

388