7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулушу качан аяктайт?

430

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдин курулуш иштерин ушул жылдын 1-декабрында аяктоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришет.

Деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте салынып жаткан объектинин узундугу — 3890 метр, туурасы — 10, 6 жана кеңейтилген участоктордун кеңдиги 14 метр. Ал эми бийиктиги — 8,5 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө тоннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери аяктоодо. Жарык берүүчү жана желдетүүчү турбиналарды орнотуу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат. Порталдын дубалдарын жасалгалоо иштери уланып жатат. Жакынкы күндөрдө жол сызыгын чийүү иштерин баштоо пландалууда.

Тоннелге кире берген жерде асфальт төшөө иштери дээрлик бүттү. Кар көчкү жүрүү коркунучу бар 5 участок убактылуу жолдогу 5 сел өтүүчү өтмөктүн төртөөсүн бетондоо аяктады. Конструкциялардын четтерин таш менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Тоннелге жакындаган жерлерге парапет орнотуу иштери башталды. Курулуш иштеринин жана материалдардын сапаты техникалык шарттарга ылайык “Кыргызжолтрансдолбоор” ДИИ консультанты тарабынан көзөмөлдөнөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативалуу жолдун жалпы узундугу 433 чакырым, эки эстакадалык көпүрө, бир тоннель каралган.

 

431