Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы токтотулганын «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учак Ош аэропортуна багытталды.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 15-17-октябрга чейин аба-ырайы бузулуп, катуу шамал болору тууралуу айтылган. Синоптиктердин маалыматы боюнча, республика боюнча туруксуз аба ырайы сакталат.