Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Краснофлотская көчөсүнүн №5-б дарегинде көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Долбоорго ылайык, курула турган 9 кабаттуу турак үй 278 батирге ылайыкташкан. Үйдүн жер төлөсүндө унаа токтоочу жай болот. Ал эми короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Турак жай курулуп бүткөрүлүп, колдонууга берилгенден кийин 45 батир прокуратура кызматкерлерине кызматтык турак жай катары өткөрүлүп берилип, калган батирлер Ош шаарынын мэриясынын үлүштүк курулуш программасынын алкагында жарандарга тапшырылат.
Турак жай 2027-жылдын 3-кварталында пайдаланууга берилет.