Ак-сайда дайынсыз болгон үчүнчү жарандын сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди.
ӨКМ издөө иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулганын, эртең уланаарын билдирди.
Эске салсак, 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышкан. ӨКМдин райондогу бөлүмүнүн кызматкерлери издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. Ал эми алты адам кар көчкүнүн алдында калганы айтылган эле.