Ички иштер министрлиги жарандарды алдамчылык аракеттеринен сак болууга чакырып, кеңири тараган схемалар тууралуу эскертти.
Маалыматка ылайык, алдамчылар көбүнчө өздөрүн банк же укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, банк картасынын маалыматтарын жана SMS-коддорду сурашат. Интернет аркылуу арзан товарларды, оңой кирешени же чоң утуштарды убада кылып, алдын ала акча которууну талап кылган учурлар кездешет. Мындан тышкары, каржы пирамидалары жана тааныштардын же белгилүү адамдардын атынан ачылган жасалма аккаунттар аркылуу да жарандарды алдоо аракеттери болууда.
ИИМ жарандарга банк картасынын маалыматтарын, сыр сөздөрдү жана SMS-коддорду эч кимге бербөөнү, шектүү шилтемелерге кирбөөнү жана акча которуудан мурда маалыматты тактоону сунуштайт.
Алдамчылыкка туш болгон учурда же шектүү аракеттерди байкаганда 102 номуруна кайрылуу керек.



