Кызыл-Кыя шаарында 57,8 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, каражаттын 46,6 млн сому жергиликтүү бюджеттен, 11,2 млн сому дем берүүчү гранттардан бөлүнгөн.
Долбоорлордун алкагында мектептердин аймактары оңдолуп, №7 “Байчачекей” бала бакчасына музыкалык зал курулууда. Ошондой эле Ак-Булак айылындагы үч көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, шаарда балдар жана спорт аянтчалары курулду.



