УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылында жайгашкан кампада тергөө иш-аракеттери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Тергөө иштерин жүргүзүү учурунда кампанын ээси аталган А.А. таандык 212 мүшөк жем, 149 мүшөк арпа, 126 кап буудай жана 77 мүшөк жүгөрү табылып алынды.
Ошол эле учурда, кампаны тинтүү иштеринин жүрүшүндө, ошол эле айылдын тургуну Б.С. таандык 40 тоннага жакын жем, 128 кап селитра жана 158 кап минералдык жер семирткичтер табылган. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.