7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек: Батыш автобекетти көчүрүүгө эмне себеп?

360

Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев борбордогу автобекеттин көчүрүлүшү Бишкек шаарынын аймагынын кеңейиши жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу экенин түшүндүрдү. Ошондой эле жарандардын шаар ичиндеги кыймылын ыңгайлаштыруу,  тыгындарды азайтуу максатында автобекетти көчүрүү идеясы келип чыкканын айтты.

Автобекетти көчүрүү маселеси буга чейин эле көтөрүлүп, тиешелүү тараптарга эскертилип келген.

“Ал жерди эч ким менчиктеп ала албайт. Курулуш куруп алат, же көп кабаттуу үйлөр салынат деп айтылган сөздөр чындыкка жатпайт. Андай маалымат чыгарууга да эч кандай негиз жок. Бул жерлер мамлекеттин өзүнүн карамагында гана болот. Алдын ала эскертүүлөр болуп, жайкы сезон учурунда иштеп алалы, 31-августка чейин кое тургула деген сунуштарынбиз макул болуп аягына чейин күттүк. Эми өз убактысы келгенде автобекет көчүрүлдү”,- деди Ырсалиев.

 

361