7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын багыттагы кызматынын аскерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

409

27-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Ош Башкы башкармалагында “Альфа” атайын багыттагы кызматынын өздүк курамын куттуктоо аземине катышты.

УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн 32 жылдыгы белгиленип, генерал-полковник Камчыбек Ташиев бул элиталык аскер кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата сөз сүйлөдү.

Майрамдык иш-чарага УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы башкармалыктарынын жеоекчилери жана өздүк курамы чогулду. Камчыбек Ташиев бул кызмат ары өзгөчө сыймыктуу жана мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыздоо багытында өзгөчө маанилүү жана жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи.

Генерал-полковник Камчыбек Ташиев “Альфа” аскерлерине майрамдык белектерди тапшырып, мындан ары дагы өз кызматтык милдеттерин так жана берилгендик менен аткаруу зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук комитетинин “Альфа” атайын багыттагы кызматы 1992-жылдын 27-октябрында түзүлгөн. Бул кызмат тарыхында көптөгөн атайын операциядарды ишке ашыруу менен катарына мыкты жоокерлерди кошкон элиталык бөлүк болуп саналат.  Аны “А” (Антитеррор) тобу деп да аташат. «Альфанын» негизги милдети — улуттук коопсуздукту камсыздоо, конституциялык түзүлүштү бузууга жол бербөө, коомдук-саясий абалды курчутууну көздөгөн террордук, экстремисттик жана массалык башаламандык аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу, барымтадагыларды бошотуу. Ошондой эле өтө оор кылмыштарда дагы операцияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

 

410