Бүгүн, 28-октябрь Албаниянын Тирана шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Килемде 55, 63, 72, 82 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат:
55 кг: Улан Муратбек уулу — Хейфан Чжан (Кытай);
63 кг: Дастан Кадыров — Юрген Уку (Албания)
72 кг: Ырыскелди Хамзаев — Абдулло Алиев (Өзбекстан);
82 кг: Азат Салидинов — Ахмед Йилмаз (Түркия).
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30 да башталат.