7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова: Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкөбүз үчүн мелдешти улантам

301

Жакында эле Кыргызстандын Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча боюнча вице-президенти болуп Айсулуу Тыныбекова дайындалган. Ал  социалдык тармактагы баракчасына ыраазычылык билдирүү калтырып, тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыз-келиндердин жаңы күчтүү чемпиондорун тарбиялоого салымын кошоорун айтты.

“Сиздер менен жакшы кабар менен бөлүшөйүн деп турам. Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын кезексиз жыйынында федерациянын мүчөлөрү, улуттук курама команданын машыктыруучулары жана калыстар чогулуп, мага федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти милдети тапшырылды.

Мен үчүн бул жөн гана жаңы кызмат эмес – бул Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыялдарымды жана пландарымды ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк. Мен өзүмдүн тажрыйбам жана колдооңуздар менен биздин спортчуларды шыктандырып, туура жолго сала алам деп ишенем, алардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүп, командалык духубузду бекемдей алам. Кыз-келиндер күрөшүнүн чоң потенциалы бар жана биз биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү жана максаттуу чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем.

Ошондой эле, мен спортто кааларымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкөбүз үчүн мелдешти улантам.

Мага ишенип, бул жолду мени менен бөлүшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем”,- деп берилет билдирүүдө.

 

302