7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда үрөй учурган кырсыктан үч адам каза болду

269

Жумгалда жол кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык,  кырсык 26-октябрь күнү саат 18:35 чамасында болгон. Жумгал районунун Куйручук айылында Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа күн чыгыштан күн батышты көздөй барып, Куйручук айылына батышты карай бурулуу үчүн токтоп турган учурда, анын аркасынан Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаасынын мандайынан сүзүп, ошол эле учурда Ауди-80 автоунаасын арткы оң каптал борту менен сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда СРВ унаасындагы 3 адам каза болгон.

Бул факты боюнча Жумгал РИИБдин кылмыштарды жана жоруктарды каттоо китебине каттого алынып тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жубайлар жана анын баласы каза болгон. Алар Чүй облусунун тургундары болгон.

270