7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын продукциялары «AGRITEQ-2021» эл аралык көргөзмөсүнө коюлду

653

Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Дохада өтүп жаткан VIII эл аралык «AGRITEQ-2021» көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Анын айтымында, көргөзмөдө ата мекендик продукциялар (балдын ар кандай сорттору, кургатылган жемиштер жана жаңгактар), ошондой эле экспортко адистешкен кыргыз компаниялары жөнүндө маалыматтык материалдар көрсөтүлгөн.

«Экспозициянын алкагында азык-түлүк сатуу менен алектенген катардык компаниялар менен бир катар онлайн жолугушуулар өткөрүлдү. AGRITEQ эл аралык көргөзмөсү жыл сайын өткөрүлүп, айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы заманбап жетишкендиктер жана технологиялар менен таанышуу үчүн мыкты аянтча болуп саналат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

654