7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту

332

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.

Тет-а-тет форматында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий тармактарда өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле глобалдык эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды. Мамлекет башчылары кыргыз-герман мамилелерин эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын белгилешти. 

333