7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу аземи болду

303

Бүгүн, 26-ноябрда, Берлинде президент Садыр Жапаровдун Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчынын кортежи “Белевью” президенттик сарайына келип, Садыр Жапаровду Федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер тосуп алды.

Салам алышуудан кийин Ардак кароолдун ротасынын командири Кыргызстандын президентине рапорт берди. Андан соң эки өлкөнүн гимндери жаңырды, андан кийин лидерлер Ардак кароолдун алдынан басып өтүштү.

Андан ары мамлекет башчылары делегация мүчөлөрү менен учурашып, Сарайдын фойесине өтүштү. Салтанаттын алкагында Садыр Жапаров Ардактуу коноктордун китебине жазуу калтырды. Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тет-а-тет фоматында сүйлөшүү залына өтүштү.

304