7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ички иштер министрлигинин жалган кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды

723

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин жалган кызматкери жана анын шериги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-мартында КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда Л.Д.Э. жана Т.у.Ж. аттуу КР жарандары кармалышты.
Такталгандай, кармалган Л.Д.Э., анын шериги Т.У.Ж менен биргеликте өзүлөрүн Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБ кызматкери катары тааныштырышып, ортомчулук кылып жатасын дешип кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Сокулук районунун жашоочусунан 5000 (беш миң) АКШ доллар акча каражатын талап кылышкан.
Белгилей кетсек, аталган Л.Д.Э. мурда арыз ээсинен 190 миң сом жана 1 миң АКШ долларын алган.
Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

724