Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына «өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 10-февралында кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаты мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү мекемелеринде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын билим алуусуна шарт түзүү, ошондой эле билим берүү жаатындагы айрым ченемдерди тактоо, болуп эсептелет.