7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Салык кызматынын төрагасы менен орун басарын кармады

300

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК акциздик продукцияларды (алкоголдук жана кант камтыган продукция, тамеки буюмдарын) өндүрүү, импорттоо жана сатуу жогорку саясий жетекчилик тандап алган туура салыктык башкаруу, өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн маанилүү фактор болуп саналаарын баса белгилейт.

Бул багытта Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана өз ишине ак ниет мамилеси өзгөчө мааниге ээ, ал эми алар жасаган кылмыштар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешелерин «көмүскөдө» калтырууга жана республиканын экономикасына орду толгус зыян келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Өздөрүнүн кылмыштуу максаттарына жетүү үчүн бизнестин айрым өкүлдөрү ар кандай жаңыланууларды, ошондой эле КРнын мамлекеттик органдарынын ишине активдүү киргизилип жаткан заманбап санариптик технологиялар менен берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Бүгүнкү күнгө карата бул жогорку кызматтагы аткаминерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди, мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылып, сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.

301