7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда айланма жолду ачты

344

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө айланма жол салуу менен өлкөбүздүн транспорттук инфратүзүмүн эле өнүктүрбөстөн, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багыт алган маанилүү салым болгонун айтты.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында башталган бул долбоорду мына декабрь айынын башында ишке берип жатабыз. Долбоордун алкагында жаңы жол гана салынбастан, Кара-Дарыяга 197 метрлик жана Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынгандыгын баса белгилеп кетейин. Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттар түзүлүп, айланма жолдо мал айдап өтүүсү жана ички айылдардын каттамы үчүн жолдун асты менен өтүүчү өтмөктөр дагы курулду”, — деди Садыр Жапаров.

 

 

 

 

 

 

345