2024-жылдын 1-декабрынан жетисине чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу жана коопсуздук тармагындагы эксперт Токтогул Какчекеев менен маек.
– Кыргыз жетекчилери Түштүк Кореяга барып келгени абдан туура, алардан үйрөнө турган көп нерсе бар жана алар кыргыз экономикасына инвестиция жасаса, утуш гана болот. Мисалга, Түштүк Кореяда «Хёндэ» деген компания бар, ал жөн гана белгилүү автоунаа өндүрбөстөн, аскерий техника, анын ичинде чопкут машинелер менен артиллерияны, дрон, поезд жана башка өндүрүш аспаптарын чыгарат. Ошондуктан Корея Кыргызстан үчүн өтө керектүү жаңы технологиялардын булагы боло алат, алар менен мүмкүн болушунча жакшы мамиле түзүп, кызматташуу керек.
– Кыргызстандын буга чейинки жетекчилеринин баары коррупцияга каршы күрөш жарыялаган, бирок азыркыдай деңгээлдеги жетекчилер көп деле кармалып, камакка алынган эмес. Отуз жылдын ичинде өнүгүп, уюшкан түргө өтүп кеткен коррупция акыркы мезгилде өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң жолтоо болуп калган. Коррупциядан күнөөлөнүп, соттолгондордун туугандары же жакындары жогорку кызматка дайындалбаш керек деген эреже дагы кылмыштарды бир кыйла чектеш керек. Бир гана нерсе – мыйзам бузулбаш керек, анткени бузулуп кетсе, адамдын тагдырына балта чабылат.
– Чек-ара маселелери 30 жылдан бери чечилбей келди эле, азыр Тажикстан менен чек ара аныкталып бүткөнү баарыбыз үчүн чоң жетишкендик, анткени бул маселе бүткүл мамлекетти алсыратып келген. Чек арасы жыртык мамлекет – мамлекет эмес, чыныгы мамлекеттин чек-арасы бүтүн болуш керек, мына, биз азыр бүтүндүккө келдик. Иш оңунан чыкты, эми тынчтык орнойт, кандай болгондо да, жакшы согуштан көрө жаман тынчтык жакшы. Бийликке коомчулук катары ыраазылыгыбызди билдире алабыз…
Жуманын негизги окуялары:
– 2-4-декабрда президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяда болуп, президент Юн Сок Ёль менен кездешип, дагы башка жолугушууларды өткөрдү жана бизнес-форумга катышты. 3-декабрда Юн Сок Ёль Түштүк Кореяда аскерий абал киргизди, андан кыргыз өкүлчүлүгү жабыркаган жок.
– Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды 14-июнда актаган сот Марат Сыдыковдун кызматынан чегинүү тууралуу арызын президент Садыр Жапаров 1-декабрда канааттандырган жок.
– Жогорку кеңеш 5-декабрда – жалаа жабуу боюнча мыйзамды экинчи окууда кабыл алды, эми жеке адамдар 20 миң, ал эми уюмдар 65 миң сом айып пул төлөөгө кесилиши мүмкүн.
– Жогорку кеңеш 5-декабрда Равшанбек Сабировдун эмгек министри болуусуна макулдугун берди, буга чейин ал 2011-2012-жылдары ушул эле министрликти башкарган.
– Белгилүү ишкер Имамидин Ташов 6-декабрда экинчи жолу өз өмүрүн өзү кыюуга аракет жасады. Биринчи андай окуя 30-октябрда болгон. Мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярданган деп Ташов апрелде кармалган.
– 6-декабрда Өзгөндө айланма жолдун ачылышы болуп өттү, ага президент Садыр Жапаров дагы катышты.
– 4-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолуккандан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев – кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн жарыялады.
– Өткөн аптада, 28-ноябрда, Астанада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бийик жолугушуусу болуп өткөн, анда уюмдагы төрагалык Кыргызстанда өттү. Келээрки 2025-жылы Улуу жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет, маараке өткөрүүгө азыртан даярдыктар көрүлө баштады.
– 4-декабрда Бишкекте Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйыны болуп өттү, ага Астанадан келген казак премьер-министри Олжас Бектенов дагы катышты.
– 2020-жылдагы окуялардан кийин дайынсыз жоголгон УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев 2-декабрда пайда болуп, Биринчи май райондук сотуна келип, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча ишке күбө катары катыша баштады.
– Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиев 5-декабрда билдиргенге караганда, курулуш тармагында 12 пайыздык кошумча нарк салык киргизүүгө президент Садыр Жапаров каршы.
– 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп «Адилет» партиясынын өкүлү Бекжан Усеналиев шайланды. 3-декабрда болсо «Кыргыз туусу» гезитинин баш редактору болуп Алмаз Кулматов дайындалды.
– 5-декабрда Жогорку кеңеште коррупцияга каршы күрөштү катаалдантуу боюнча жаңы мыйзам биринчи окууда кабыл алынды.
– Мыйзам долбоорун сунуштап жатып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев – коррупциядан күнөөлөнгөн бир дагы сот, прокурор же тартип коргоо органдарынын кызматкери абакка отурбаганын белгиледи – алар баары айып төлөп коюп, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатат.
– 5-декабрда Салык кызматынын жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычев, эртеси, 6-декабрда, кызматтын төрагасы Алтынбек Абдувапов УКМК тарабынан кармалды.
– Ошол эле 5-декабрда Эсеп палатасынын 3 кызматкери кармалды – алар туруктуу коррупциялык схема түзүп, аны иштетип жүргөн деп күнөөлөнүүдө.
– 4-декабрда Ош облусунда бажы кызматында ар башка деңгээлде иштеген 6 адам УКМК тарабынан кармалды
– 3-декабрда Бишкекте адам укуктары боюнча «Бир дүйнө – Кыргызстан кинофестивалы башталды», ал бүгүн аяктап жатат.
– Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова 5-декабрда билдиргенге караганда, эми бала-бакчаларда видеокамералар орнотулат, анткени айрым тарбиялоочулар балдарды сабаган факттар катталууда.
– 5-декабрда Бишкек алдындагы ВДНХ көргөзмөсү буздурула баштады, аны бир кезде ижарага алган чет өлкөлүк инвестор милдеттенмелерин аткарган эмес. Эми ал жерде конгресс-холл курулат.
– 5-декабрда Жогорку сот мурдагы тепкичтеги соттордун чечимин бекитип, Бонецкий лабораториясын 423 млн сом айып төлөөгө кести – пандемия учурунда ПЦР тести үчүн бааны лаборатория негизсиз жогорулатып жиберген.
– 5-декабрда Бишкектен Таиланддын Пхукет деген курорттук шаарына биринчи түз авиакаттам аткарылды. Эми ал каттам жума сайын жасалып турат.
– 2-декабрда Улуттук банк «Айкөл Манас» деген 200 сомдук тыйынды сатыкка чыгарды, анын баасы 123 миң 400 сом.