Саясатчы Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылып, анын ордуна парламентке Шералы Абдылдаев келмей болду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында айтылды.
Жыйын учурунда БШК өкүлүнүн айтканына караганда, Жогорку сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкандыктан, депутаттык мандат «Ата Мекен» партиясында тизме боюнча кийинки турган, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилет.
БШК Жогорку соттун катына шилтеме берип билдиргенине караганда, Абдылдаев соттолгон эмес.